Жапаров “Battal Holding” компаниясына Бишкектен завод курууга жер бөлүп берерин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкарага болгон расмий сапарынын алкагында Түркиянын “Battal Holding” фармацевтикалык компаниясынын жетекчиси Мехмет Берат Баттал менен жолугуп, компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө “Battal Holding” компаниясы жаңы өнөктөштүк мамилелерди түзүү максатында Кыргызстанда инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну түзүү маселесин карап жатканын айткан Мехмет Берат Баттал Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун ачууга жана андан ары Кыргызстан менен коңшулаш мамлекеттерге экспортко чыгууга даяр экенин билдирди.

Ал эми Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын аймагынан завод курууга жер бөлүп берүүгө, салык жана электр энергия жагынан жеңилдиктерди берүү сыяктуу ар тараптуу кызматташууга кызыктар экенин айтып, компания жетекчилигин Кыргызстанга келип кетүүнү сунуштады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Түрк фармацевтика жана сыворотка өнөр жай акционердик коомунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Белгилей кетсек, “Battal Holding” компаниясы фармацевтикалык каражаттарды чыгарат. Компаниянын капиталы 21,2 миллион доллар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан