Оор атлетика боюнча курама команда Азия чемпиондугунан кайтып келди

Кечээ, 11-февраль күнү оор атлетика боюнча улуттук курама команда Азия чемпиондугунан кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, спортчуларды "Манас" Эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, Оор атлетика боюнча федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов жана спортчулардын жакындары тосуп алды.
Ага ылайык, оор атлетика боюнча курама команда Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн Азия чемпиондугунда 4 медаль (1 күмүш, 3 коло) жеңген. 102 килограммга чейинки салмакта Бекдөөлөт Расулбеков күмүш медалга ээ болсо, Эмиль Молдодосов (89 кг), Нурсултан Тармалов (96 кг), Татьяна Мельниченко (76 кг) 3-орунду ээлешти.
Белгилей кетсек, оор атлетика боюнча Азия чемпиондугу 3-10-февраль күндөрү өтүп, жалпы 34 мамлекеттен келген спортчулар катышкан. Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы командалык эсеп боюнча 6-орунду ээледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан