Аргентина менен Нигериянын Кытайдагы жолдоштук беттеши Лионель Мессиге байланыштуу өтпөйт. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Ошентип Кытай бийлиги Аргентина курама командасынын лидерин "Гонконгдун жылдыздары" - "Интер Майами" беттешинде оюн талаасына чыкпаганы үчүн өч алуу чечимине келген.
Пекин футбол ассоциациясы мындай деп билдирди: "Кытай Лионель Месси катыша турган беттештерди өткөрүүнү пландаган эмес. Март айында Ханчжоуда өтүшү керек болгон Аргентина - Нигерия жолдоштук беттеши да белгилүү себептерден улам болбойт".
Март айында Аргентина Кытайды кыдырмак. Тагыраагы, Ханчжоуда Аргентина Нигерия менен беттешмек жана Пекинде Кот-д’Ивуар менен жолугушмак.
Февраль айынын башында Кытайда өткөн "Интер Майами" - "Гонконгдун жылдыздары" бетешинде Месси талаага чыкпай койгон. Буга күйөрмандар ачууланып, бийлик футболчудан түшүндүрмө талап кылган.