Кара-Сууда дүкөн тонолгон. Милиция шектүү катары 15 жана 43 жаштагы шектүүлөрдү кармады

Кара-Суу районунда дүкөн тоноого шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

12-январь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Савай айыл аймагынын тургуну 1963-жылы туулган А.А. арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү түн ичинде азык-түлүк дүкөнүнө белгисиз атуулдар киришип, 1 даана ККМ апаратын жана 14 миң 900 сомдук азык-түлүктөрүн уурдап кетишкендигин билдирген.
Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында 10-февраль күнү кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургундары 1981-жылы туулган М.А. жана 2009-жылы туулган А.Б. кармалышып, камакка алынышты.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр алдын ала сүйлөшүп алышып, оңой акча табуу максатында дагы башка 2 дүкөнгө киришип, уюлдук телефондорду жана азык-түлүктөрдү уурдап кетишкендиги аныкталган. Жарандарга келтирилген зыяндын жалпы болжолдуу суммасы 52 миң сомду түзгөн.
Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан