Борбор калаада грэпплинг боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

Бишкекте грэпплингдин ADCC версиясы боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Маалымдалгандай, мелдеш 19-20-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага өспүрүмдөр, жаштар, кыздар жана чоңдор катышат.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында катышат:

  • өспүрүмдөр арасында — 14-15 жаш:
  • балдар — 40, 45, 50, 55, 60, +60 килограмм;
  • кыздар — 32, 36, 40, 45,50, +50 килограмм;
  • жаштар арасында — 15-17 жаш;
  • балдар — 50, 55, 60, 65, 70, 75, 80, +80 килограмм;
  • кыздар — 36, 40, 45, 50, 55, 60, +60 килограмм;
  • кыз-келиндер арасында — 65.9, 76.9, 87.9, 98.9,+90 килограмм;
  • эркектер арасында — 60, +60 килограмм.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан