Бостериде тоого кетип келе албай калган балдар куткарылды

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы Тегерек жайлоосуна кетип, кайра келе албай калган балдар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Кечээ, 13-февраль күнү кечинде Бостери айылынын Тегерек жайлоосуна 4 өспүрүм бала чыгышкан. Балдардын бири кулап, бутун оорутуп алып тоодон түшө албай калышкан.
Өз алдынча тоодон түшүүгө аракет кылган балдар суукта үшүп, жардамга муктаж экендигин билдирген.
Мындан улам Ысык-Көл райондук ӨКБдан жерине тез арада 4 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен жөнөтүлгөн.
Издөөнүн натыйжасында бутунан жаракат алган бала жана шериктери аман-эсен табылып, Чолпон-Ата шаардык бейтапканага жеткирилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан