Азия Кубогу: Түштүк Корея курамасы ич ара мушташканы белгилүү болду

Футбол боюнча Түштүк Корея улуттук курама командасы Азия Кубогунун жарым финалындагы Иордания менен болгон оюндун алдында ич-ара жаңжалдашып, чабуулчу Сон Хын Мин колун оорутуп алган. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, курама командадагы жаңжал Иордания менен боло турган оюндун алдында болгон. Анда курамадагы жаш футболчулар тамактануу учурунда стол теннисин ойноо үчүн чыгып кетишкен. Сон Хын Мин алардын отуруусун суранганда ортодо түшүнөбстүк чыккан. Сон Хын Мин жаңжалдашып жаткан жаш футболчуларды ажыратам деп жатып колун оорутуп алган.

Жаңжалга аралашкандардын арасында "ПСЖ" клубунун оюнчусу Ли Кан Ин дагы бар экени белгилүү болду.

Белгилей кетсек, 6-февралда өткөн Түштүк Корея-Ирдонаия беттеши 2:0 эсебинде Иорданиянын жеңиши менен аяктаган. Дал ушул оюнда Сон Хын Мин манжаларын таңып алып талаага чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан