"Ош базардын" жанынан 2 жигит милиция кызматкерине таш ыргытышты (видео)

Бишкекте милиция кызматкерлерин таш менен уруп, бейбаштык кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдиргендей, 3-февралда болжол менен саат 16:45 чамасында милиция кызматкери Павлов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук тартипти одоно бузуп, спирт ичимдиктерин ичип жаткан 3 адамга эскертүү берген. Берилген эскертүүгө карабастан алардын экөөсү милиция кызматкерине таш ыргытышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Р. жана 1998-жылы туулган Ы.Б. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
14.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан