Бишкектеги "Акиф” эт базарынын негиздөөчүсү жана директору кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМК "Ош базарынын" аймагындагы «Фирма Акиф» ЖЧКсынын эт базарында ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысын аныктаган.
"Тактап айтканда, «Акиф Фирма» ЖЧКсы кош бухгалтердик эсепти түзүп, соода жайларын жана орундарын ижарага берүү үчүн чогултулган каражаттар тийиштүү түрдө документтештирилбей, финансылык документтерде эсепке алынбастан төлөм жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда базар жетекчилери күн сайын ижарачылардан 100 миң сомго жакын акча чогултуп, бирок жеке баюу жана салык төлөөдөн качуу максатында каржылык отчеттордо алынган пайданын көлөмүн 90%га чейин кем баалашкан", - деп билдиришти УКМКдан.
Ошондой эле, «Акиф Фирма» ЖЧКсынын жетекчилери алдамчылык аракеттери менен өзгөчө ири өлчөмдө жабырлануучунун мүлкүн тартып алганы аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде бүгүн, 14-февралда төмөндөгү жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди:
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.