Бишкекте тоноого шектүү катары 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-февралда Свердлов РИИБге К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү болжол менен саат 02:30 чамасында Жибек-Жолу көчөсүндө белгисиз жаран күч колдонуп 33 миң сомдук Poco үлгүсүндөгү телефонун тартып алганын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-бересине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1995-жылы туулган А.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.