УКМК Ош ОИИБдин бөлүм башчысын кармады

Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы АКШ жаранынан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

УКМКнын маалыматына ылайык, Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы Кыргыз жараны менен кылмыштуу келишими аныкталган.

"2023-жылдын декабрь айынын аягында АКШ жараны Н.Б., С.З. жана П.М.нын жардамы менен Ош облусунун ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн бөлүм башчысы К.И.А.га зордуктоо, коркутуу жана шантаж кылуу фактысы боюнча М.Н.М. аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бирок милиция кызматкери К.И.А. кылмыштуу кол салууга бөгөт коюунун жана М.Н.М.га карата мыйзамда белгиленген чараларды көрүүнүн ордуна, экинчиси менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, ал аркылуу АКШнын жараны Н.Б.дан шантаж кылуу жолу аркылуу 2 миллион сом өлчөмүндө акча талап кылууну уюштурган.

Чындыкты аныктоо максатында Н.Б Ош шаардык ички иштер башкармалыгына М.Н.М.га карата чара көрүү үчүн кайрылууга аргасыз болгон, ал козголгон кылмыш ишинин алкагында акча каражаттарын алып жатканда пара менен кармалды", - деп билдиришти УКМКдан.

Тергөөнүн жыйынтыгында, акча каражатын алуу үчүн М.Н.М.аттуу жаранды милиция кызматкери К.И.А. өзүнүн жеке автоунаасы менен алып келгендиги, ал жогорудагы жаранды кармоодо кылмыш болгон жерден качып кеткендиги аныкталган.

Аталган кылмыш иши тергөө үчүн УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилип, анда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплексинин негизинде 13-февраль күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы К.И.А. пара талап кылган деген шек менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан