Баткенде баңгизат колдонууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери иликтөө учурунда облустун тургуну 43 жаштагы М.Ж. өзү жашаган үйүнө притон уюштуруп, тинтүү жүргүзүп, анын жашаган турак үйүнөн 5 грамм 4 милли грамм кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар затты таап, колдонгон шаймандары менен кошо алышкан.
Ага ылайык, М.Ж.нын кылмыштуу шериги 50 жаштагы А.А.нын жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзүп, анын үйүнөн 4 грамм 41 милли грамм кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылып, колдонгон шаймандары менен кошо акт түзүлгөн.
"Бул факты Кылмыш жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо), 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, алынган заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар наркотиканын “гашиш” түрү экендиги аныкталып, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.