Чүйдө кезек талашкан таксисттер мушташып, бир адам бычакталды

Чүй облусунун Панфилов районунда такси айдоочулардын ортосунда мушташ чыгып, бир адам бычакталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 14-февралда Панфилов районунун жергиликтүү тургундары, 1987-жылы туулган Б.М. жана С.М. аттуу жарандар (такси айдоочулар) кезек талашып уруша кетишкен. Алар айылдын четине чыгып кайра мушташкан. Жыйынтыгында С.М. аттуу жаран Б.М.га бычактан бир нече оор жаракат келтирген.

Бул факты боюнча "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш иш козголду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектүү делип 1987-жылы туулган С.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан