Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы ФИФАнын жаңыланган дүйнөлүк рейтингинде 6 сапка төмөндөдү. Рейтинг бүгүн, 15-февралда ФИФАнын расмий сайтына жарыяланды.
Анда "Ак шумкарлар" 208 өлкөнүн ичинен 1196 упайы менен 104-орунга жайгашты. Декабрь айында "Ак шумкарлар" 98-орунда болчу.
Рейтингде алдыңкы сапты Аргентина, Франция жана Англия ээледи.
Ал эми коңшу өлкөлөрдүн ичинен Казакстан 100-орун, Тажикстан 99-орун (7 сапка көтөрүлдү), Өзбекстан 66 (2 сапка көтөрүлдү) жана Кытай 88-орунга (8 сапка төмөндөдү) жайгашты.