"Манас" аэропортунан кармалган блогер Али Эргешов үй камагына чыгарылды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Анын баш коргоо чарасы бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, үй камагына чыгарылган.
Белгилей кетсек, Али Эргешов 13-февраль күнү "Манас" аэропортунан ИИМ кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага карата М.М. аттуу жаран арыз жазган. Арызында ал жаран блогер 2023-жылдын 24-май күнү саат 15:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын сотунун имаратына кирип жатып, Жалал-Абад аймактык сот приставынын талаптарына баш ийбей, кийип турган формасына асылып, погонун жулуп алгандыгын билдирип, мыйзам чегинде жоопко тартып берүүнү суранган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө амалдары уланууда.