УКМК Панфилов районундагы мурдагы салыкчыны кармады

Мамлекеттик салык кызматынын Панфилов району боюнча текшерүү жана жазалоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Билдиргендей, ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана 63 миллион сом өлчөмүндө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча кармалган.

Иликтөөдө анын чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрү менен коррупциялык бүтүмгө келип, жасалма эсеп-фактураларды колдонуу менен жалган фирмаларды түзүү аркылуу салык төлөөдөн качуу схемасын уюштурганы жана "Чалдовар" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз алып киргени аныкталган.

Жогорудагы иштерге шектүү катары Т.С. кармалып, соттун чечими менен №21 тергөө абагына киргизилген.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан