Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 19-августунда Ленин РИИБине А.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучу 2022-жылдын 9-мартында С.К. аттуу жаран курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 6 миллион 351 миң сомдук 3 бөлмөлүү батирди бөлүп төлөө убадасы менен алганын айткан. Бирок ал батирди үчүнчү жактарга сатып, андан түшкөн акчаны жеке муктаждыктарына жумшап, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүүнүн жашаган жери аныкталбагандыктан, жогорудагы факты боюнча сырттан айып тагылып, Ленин райондук соту тарабынан ага карата №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Андан соң издөө жарыяланган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө 13-февралда шектүү 1976-жылы туулган С.К. кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.