УКМК жасалма доллар сатып жүргөн адамдарды кармады

Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Билдиргендей, аталган топ өлкө аймагында жана коңшу Казакстан аймагында 100 долларлык жасалма банкнотторду сатып келишкен.

Алардын "Оптима Банк" терминалдары аркылуу банктык карталарды толуктоо менен жасалма акчаларды адалдап, Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлар аркылуу да сатып келишкендиги аныкталган. Натыйжада 45 миң доллардан ашык жасалма 100 долларлык купюралар аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган.

Шектүү катары З.Р.М., Г.Ш.Д., З.С.Т., Б.Р.И. жана коңушу мамлекеттин жарандары Б.С.К., К.Б.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда бул топко тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан