"Кайгылуу, ыйлаган ролдорду ойногон мен үчүн кыйын эмес" дейт актриса Даткайым Жээнбекова

SUPER.KG медиа порталынын бул жолку каарманы коомчулукка жаңыдан таанылып келе жаткан таланттуу актриса Даткайым Жээнбекова болду.

"Жашоодо шаңдуу жүргөн шайыр кызмын" деген жаш актрисанын тасмалардагы ойногон ролдорунун көпчүлүгү муңдуу. Ал 2002-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Комсомол айылында жарыкка келген. Бала чагы ошол эле айылда өткөн. Айтымында, алты бир тууган, кыздардын улуусу. Учурда баш калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде журналистика тармагында билим алууда.

Даткайым Жээнбекова чыгармачылыкка 17 жашында мектепти жаңыдан бүтүп келгенде аралашып баштаган. Ал биздин чыгармачыл топ менен келечектеги пландары менен бөлүшүп, тасмалардагы образдары тууралуу айтып берди.

"Актрисалыкка алгачкы кадамды Каныбек Абдыкеримовдун "Тамчы, тамчы" аттуу ырынын клибинде тартылып баштагам. Ошондо жогорку окуу жайга тапшырайын деген учурум болчу. Ата-энем аябай колдойт. Съёмкага баратсам менден мурда эле "Эмне киесиң? Муну кий, тигини кий" деп тынчсызданып, ойлонуп турушат. Аларга өтө ыраазымын. Мага кайгылуу, өзгөчө ыйлаган образдарды аткаруу кыйын эмес. Менин клип, тасмалардагы образымдын көбү мууңду. Ошондуктанбы, айтор көпчүлүк "Балдар үйүндө өстүң беле? Кыйынчылык көрүп чоңойгон окшойсуң" дей беришет. Бирок андай деле эмес. Жашоодо шайыр жүрөм.

Учурда журналистика жаатында билим алып жатам. Алдыдагы пландарым окууну ийгиликтүү аяктоо. Жогорку окуу жайды быйыл бүтөм, буюрса", - дейт актриса

Өнөр адамдары сөзсүз хайп үстүндө жүрүшөт эмеспи. Даткайымды да кошуп хайп кармагысы келген жаш мырзалар болгон.

Алар кайсы жигиттер болду экен десеңиз толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан