Тогуз жылдан бери издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Польшадан кармалды

Польшада 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Интерполунун өтүнүчү менен 9-февралда "Любачув" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Польшанын Интерполу тарабынан А.М. аттуу Кыргыз жараны кармалган. Ал Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан 2015-жылдан бери каракчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн.
"Аталган жаран дагы 3 жаран менен биргеликте Honda CRV үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан Ж.Ы. аттуу адамды токтотушуп, автомат менен өлтүрөбүз деп коркутушкан жана анын 1 миллион 30 миң долларын тартып алышкан. Окуя 2015-жылы Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында болгон. Бул кылмыш иши боюнча 3 шектүү кармалып, 1 шектүү белгисиз тарапка качып кетүүгө үлгүргөн", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кармалган жаранды экстрадициялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан