Футбол боюнча учурдагы өлкө чемпиону болгон канттык "Абдыш-Ата" клубу окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында Орусиянын "Спартак" клубу менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу клубдун басма сөз кызматы билдирди.
Жолдоштук беттеш 20-февраль күнү Дубайда өтөт.
Ошондой эле "Абдыш-Ата" клубу 22-февралда "Дубай Сити", 24-февралда Москванын "Родина" жана 25-февраль күнү түркмөнстандык "Аркадаг" клубдары менен жолдоштук беттеш өткөрөт.