UFC: Александр Волкановскийдин курун жыйын учурунда жулуп алышты (видео)

Бишкек убактысы боюнча бүгүн, 16-февралда таңга маал "UFC 298" турниринин алдында пресс-конференция болуп өттү.

Анда турнирдин негизги беттешинде кез келе турган австралиялык Алекс Волкановский менен Испаниянын атынан чыккан Илия Топурия чакан жаңжал чыгарышты.

Жеңил салмактагы титулга талапкер Топурия Волкановский сүйлөп жатканда чуркап келип, курду жулуп алып, аны өйдө көтөрдү. Коопсуздук кызматкерлери эпизодго дароо кийлигишти.

Белгилей кетчү нерсе, буга чейин көз караштар дуелинде Волкановский Топурияга кур менен сүрөткө түшүүгө уруксат берген. Анда австралиялык мушкер бул атаандашынын курду кармоо үчүн акыркы мүмкүнчүлүгү экенин айткан.

"UFC 298" турнири 18-февралга караган түнү АКШнын Анхайм шаарында өтөт.

Александр Волкановскийдин курун жыйын учурунда жулуп алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан