Бишкекте 21 жаштагы кыз менен жигит сойкулук уюштурууга шектелип кармалды

Бишкек шаарында сойкулук уюштурууга шектелип 21 жаштагы кыз менен бала кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 15-февраль күнү болжол менен саат 02:30 чамасында “102” кызматына Ашхабад көчөсүндө сойкулук уюштуруу тууралуу чакырык келип түшкөн.

Чакыруу болгон жерге дароо эле Биринчи май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана Бишкек мэриясынын кызматкерлери барышкан. Окуя болгон жерге келгенде кыздар интимдик кызмат көрсөткөндүгү тастыкталган. Кыздардын айтымында “Ы” аттуу бала жана “С.” аттуу кыз сойкулук жасаганга шарт түзгөн жана андан келип түшкөн акча каражатынын өзүнө алып тургандыгын билдиришкен.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

"2003-жылы туулган С.С. жана 2003-жылы туулган М.Ы. аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти", - деп билдиришти райондук милициядан.

Учурда кылмыш ишин тергөө иштери улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан