Баткен районунда мыйзамсыз ташылып бараткан лимон аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Бак айыл аймагында унаа жолдо ак түстөгү Дэу-Лабо үлгүсүндөгү унааны текшерүү иштеринин натыйжасында документи жок лимон өсүмдүгүн ташып бара жаткан Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын 34 жаштагы Э.С аттуу тургуну кармалды.
Бул факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.