Бишкек шаарында быйыл бир катар ири эл аралык спорттук иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу аталган спорттук иш-чараларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте төмөнкүдөй эл аралык иш-чаралар өткөрүлөт:
- 21-26-февраль күндөрү 19 жашка чейинки өспүрүмдөр жана кенже балдар арасында бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу;
- 26-февралдан 3-мартка чейин бильярд боюнча эркектер жана аялдар арасында Дүйнө биринчилиги;
- 10-16-март күндөрү «А» тайпасынын үчүнчү дивизионунда хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугу;
- 23-марттан 1-апрелге чейин аялдар командалары арасында хоккей боюнча Дүйнө биринчилиги;
- 25-30-март күндөрү угуусу начар адамдар арасында таэквондо боюнча Дүйнө чемпиондугу;
- 11-апрелден 16-апрелге чейин грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпиондугу;
- 19-21-апрель күндөрү грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Парижде өтүүчү XXXIII Олимпиада оюндарына Азия квалификациялык (лицензиялык) турнири.