Ошто Сулайман-Тоодон кулап кеткен 28 жаштагы кыз ооруканада каза болду. Бул маалыматты SUPER.kg порталына Ош ШИИББинен тастыкташты.
Шаардык милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 18-январда саат 14:00-15:00 чамасында тез жардам кызматына Сулайман-Тоодо эс-учун жоготкон абалда жаткан кыз тууралуу маалымат түшкөн. Жерине тез жардам кызматы менен барган милиция кызматкерлери 1996-жылы туулган Ош шаарынын тургунунун эс-учу жок жатканын аныкташкан. Тез жардам кызматы жабырлануучуну ошол эле күнү жандандыруу бөлүмүнө жаткырган. 13-февралда анын жаракаты оор болгондуктан кыз каза болгон.
"Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, кыз кокустан Сулайман-Тоонун күн чыгыш тарабында тайгаланып жыгылган. Анткени оол жердеги коюлган камералардан анын тоого жалгыз бара жатканын көрүүгө болот. Бул факты кокустук катары катталган", - деп билдиришти.