Ысык-Көлдө браконьерлерден мыйзамсыз кармалган балыктар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-февралга караган түнү рейд учурунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Тартип сакчылары тарабынан көл жээгинде мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылынын 45 жаштагы тургуну Ч.Б. кармалган. Кармалган браконьерден 94 даана Сига-Лудога балыгы, 4 даана Форель балыгы жана 3 даана балык уулоочу торлору алынган.
Ушул эле күнү Түп районунда жана Пристань-Пржевальск шаарчасында мыйзамсыз балык уулоонун дагы 3 фактысы аныкталып, 4 браконьер кармалган. Кармалгандардан 43 даана ар кандай балыктардын түрлөрү жана 3 даана балык уулоочу торлор алынды.
Балыктарды урук чачуу мезгилинде кармап, жаратылышка зыян келтирген браконьерлерге юридикалык баа берүү үчүн милициянын аймактык бөлүмдөрүнүн тергөө кызматтарына материалдар өткөрүлүп берилди.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.