Бишкекте пара талап кылууга шектелип сот аткаруучу кармалды

Бишкектин Биринчи Май районунун Сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга калаа тургуну кайрылып, Биринчи Май районунун Сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн сот аткаруучусу чет өлкөлүк паспортту жасатууга керектүү документтерди тапшырууга уруксат алуу үчүн акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.

"Такталган маалымат боюнча, былтыр жайында сот аткаруучу жабырлануучу аялдан (ID-карт) паспорт алууда маселени оң жагынан чечүү үчүн пара талап кылып, аны дагы алган.

Бир аз убакыт өткөн соң жабырлануучу аял чет өлкөлүк паспорт алуу үчүн сот аткаруучуга кайрылганда, ал кайра акча каражатын талап кылган. Кийинчерээк талап кылып жаткан акчанын суммасын азайткан. Талап кылынган акча каражаты электрондук капчык аркылуу которулган", - деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

15-февралда Биринчи Май районунун Сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн сот аткаруучусу кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан