Жалал-Абадда диний-экстремисттик уюмдардын материалын таратканга шектүү кармалды

Жалал-Абадда диний-экстремисттик уюмдардын материалдарын сактап, таратып жүргөнгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда облустук милиция кабарлады.
Маалыматка караганда, 26-январда Жалал-Абад ШИИБине шаар аймагында Х.Д. аттуу жаран интернет тармагында өз аккаунту аркылуу тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын биринин материалдарын таратып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесине (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 16-февралда Сузак районунун тургуну 1994-жылы туулган Х.Д. кармалып, андан тиешелүү далил буюмдар алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан