Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү делген адамды "положенец" статусуна дайындоо аракети токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана алардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү А.у.Б.ны Талас облусу боюнча "положенец" кылып дайындоо ниетине бөгөт койду.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында А.у.Б. уюшкан кылмыштуу топторго мүчө болуудан, криминалдык дүйнөнүн идеологияларынан толугу менен баш тартты жана мындан ары мыйзамдарды бузбоого милдеттенди.