Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары тарабынан мамлекетке дээрлик 200 миллион сомдук зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Кабарлангандай, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшундө фонддун жооптуу кызмат адамдары 2019-2022-жылдар аралыгында кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланганы аныкталган.

Анда мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана жеке жактар менен туруктуу коррупциялык байланыштарын түзүп, материалдык жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алууга, айрым жеке тараптардын кызыкчылыгында каражаттарды мыйзамсыз бөлүүгө, натыйжасыз жана максатсыз пайдаланууга жагымдуу шарттарын түзгөн бир катар коррупциялык аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 192 миллион 843 миң сом зыян келтирилгендиги такталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан