Өлкө аймагында акыркы бир суткада 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 1, Чүй облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1 өрт өчүрүлгөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп бөлүмү тартылган.