Кыргызстандык спортчу Айнуска Калил кызы жеңил атлетика боюнча жабык имараттагы Азия чемпионатында күмүшь медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-февралда аялдар арасында 1500 метр аралыкка чуркоо боюнча финалдык жарышта спортчу марага 4 мүнөт 35,29 секундада жеткен. Мындай көрсөткүч менен ал экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.
Эске салсак, буга чейин ушундай эле аралыкта чуркаган Нурсултан Кеңешбеков биринчи орунду багындырып, алтын уткан.
Турнир Ирандын Тегеран шаарында өтүп жатат.