Лейлекте сатып алган автоунаасынын акчасын бербей качып жүргөн жаран кармалды

Лейлекте сатып алган автоунаасынын акчасын бербей качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалымдалгандай, Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Андарак айылынын тургуну автоунаасын сатып алган жаран 2023-жылдын февраль айында айылдашы 28 жаштагы М.А. ВАЗ 2107 автоунаасын 265 миң сомго соодалашып, акчасын бербей качып жүргөндүгүн билдирип милицияга арыз менен кайрылган.

Ага ылайык, бул иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

"Лейлек РИИБдин Андарак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкерлери “Лидер” иш-чарасынын жүрүшүндө кылмышка шектүү М.Анын жүргөн жерин аныктап кармап, тергөө кызматына киргизишкен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан