Сокулук районунда интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана аныкталып, анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 18-февраль күнү Сокулук районунда жайгашкан "Аполлон" мейманканасында интимдик кызмат көрөсөткөн К.Д.Э. жана Г.В.С. аттуу жарандар кармалып, аларга кылмыш иши козголгон.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандардан мурда атайын белгиленген 8000 сом жана интимдик кызмат көрсөтүү үчүн алынган 7200 сом өлчөмүндөгү акча каражаттары табылып алынды. Ошондой эле кыздарды интимдик кызмат көрсөтүүгө тарткан мейманкананын 1978-жылы туулган С.А.Д. аттуу администратору кармалды", - деп билдиришти УКМКдан.
Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.