Бишкекте бир жыл мурун маршруткадан 96 миң сом уурдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка караганда, былтыр 12-январда милицияга Э.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү калаадагы Айтматов проспектиси менен Жаманбаев көчөсүнүн кесилишинде Mercedes Benz үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен капчыгын уурдатканын айткан. Капчыктын ичинде 96 миң сом акчасы болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1998-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан