Баткенде мурда соттолгон жарандын үйүнөн баңгизат табылды 

Баткенде мурда соттолгон жаран үйүнө баңгизат сактагандыктан кайрадан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине түшкөн маалыматтын негизинде Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну Ш.И.нин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда анын жашаган турак үйүнөн 84 граммдан ашуун өзгөчө жыты бар, күрөң түстөгү зат табылып алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, алынган затка тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 84,65 грамм баңгизаттын “опиум” түрү экендиги аныкталган. Тергөө иштерин жүрүшүндө Ш.И. мурда сот жообуна тартылгандыгы маалым болду.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан