Социалдык тармактарда Боомдо үрөй учурган жол кырсыгы катталды делген видео тарады.
Анда жүк ташуучу унаанын капталдап жатканын көрүүгө болот. Видеонун авторунун айтымында жол кырсыгынан бир адам каза болгон.
Видеодо жерде жаткан адамга "Үшүп жатасызбы? Кыймылдабаңыз. Азыр "Тез жардам" келет деп дагы айтып жатышканын угууга болот.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы бул боюнча маалымат бере элек.