Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Азия чемпиондугунда экинчи жолу алтын утту

Бүгүн, 20-февралда Иранда өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугу жыйынтыкталды. Анда жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков жана Айнуска Калил кызы байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков мелдештин акыркы күнүндө 3 чакырым аралыкты 8 мүнөт 8 секундада чуркап өтүп, марага биринчи болуп келип, алтын тагынды. Буга чейин ал 1,5 аралыкка чуркоодон да алтын уткан.

Ал эми буга чейин чемпионаттан күмүш медаль тагынган жеңил атлетчи Айнуска Калил кызы коло байгеге ээ болду. Ал 3 чакырымды 9 мүнөт 27 секундада басып өткөн.

Мелдешке Кыргызстандын атынан Айнуска Калил кызы (1500-3000 м), Мария Коробицкая (3000 м), Нурсултан Кеңешбеков (1500-3000 м), Майсал Макумбек уулу (800 м) жана Самат Казакбаев (1500-3000 м) катышты.

Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Татьяна Борисованын жетекчилиги алдында катышты.

Эскерте кетсек, Азия чемпионаты ушул жылы 17-февраль күнү башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан