Бишкекте бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу болот

Бишкекте чоңдор арасында бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты жана жаштар арасында Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, 22-25-февраль күндөрү жаштар арасында "Эркин пирамида" түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Ал эми чоңдор арасында "Аралаш пирамида" түрү боюнча мелдештер 27-февраль күнү башталып 2-мартка чейин уланат.

Жалпысынан мелдешке дүйнөнүн 20га жакын өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышаары күтүлүүдө.

"22-25-февраль жаштар арасында “эркин пирамида” оюну боюнча мелдештер өтөт. Саат 10:00дө башталат. 27-февралдан тарта 2-мартка чейин чоңдор арасында “Аралаш пирамида” боюнча мелдештер өтөт. Башталышы саат 10:00.

Дареги: "Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси". Бишкек шаары, Арча-Бешик конушу, Жайыл баатыр-Садыбакасов көчөлөрүнүн кесилишинде",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан