Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Канатбек Кубатбеков кармалды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар такташты.
Ал УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Аны менен кошо башкармалыктын техникалык бөлүмүнүн башчысы Адил Нефтулаев дагы кармалган. Алар кайсы иш менен кармалганы белгисиз.
УКМК азырынча бул боюнча расмий маалымат бере элек.