Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу контролдук беттеште Москванын "Спартак" клубуна ири эсепте жеңилип калды.
Оюн кечээ, 20-февралда Дубайда өттү. Анда "Абдыш-Ата" атаандашына 4:0 эсебинде жеңилип калды.
Кийинки контролдук оюн 22-февралда жергиликтүү "Dubai City" клубуна каршы болот.
Белгилей кетсек, “Абдыш-Ата” БАЭде окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө.