Лейлекте жоголгон альпинист: Бүгүн издөөгө куткаруучулар кошулду

Бүгүн, 21-февраль күнү таң эрте Лейлек капчыгайында орусиялык альпинистти издөө башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Г.Е. аттуу альпинист Аксуу чокусунан акыркы жолу 16-февралда байланышка чыккан. Андан соң альпинист менен байланыш үзүлгөн. Аталган чоку Баткендин Лейлек районунда жайгашкан.
Учурда дайынсыз болуп жаткан орусиялык жаранды издөөгө республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 6, Лейлек райондук райондук ӨКБдан 1 куткаруучу жөнөтүлгөн. Жоголгон адамды издөөгө орусиялык 3 альпинист дагы кошулду.
Министрлик издөө иштеринен кошумча маалымат берилерин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан