Ошто жер тилкесин муктаж эмес жаранга мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды

Ош шаарынын мэриясынын жана Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Ош шаардык мэриясынын жана Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, ортомчу жарандар менен алдын ала сүйлөшүшүп, Ош шаарынын Бекмуратов көчөсүндө жайгашкан 400 чарчы метр жер тилкесин кезектүүлүк тартибин бузуу менен жер тилкеге муктаж болбогон М.А. аттуу жаранга мыйзамсыз бөлүп беришкендиги аныкталган. Көрсөтүлгөн жер тилкеси тийиштүү документтер алынгандан кийин башка жарандарга сатып жиберилген, натыйжада мамлекетке 5 миллион сомдук материалдык зыян келтирилген", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Аталган факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Ош ШИИБине тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан