Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында өлкө чемпиондугу өтөт

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кабарлангандай, спорттук иш-чара 22-23-февралда Р.Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өтөт.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Мелдештин жүрүшүндө 55, 60, 63, 72, 77, 82, 87, 97, 130 килограммга чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөш боюнча өлкө чемпиондугу "Тайманбас" Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жана Күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан