Бишкекте бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу башталды

Бүгүн, 21-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу башталды. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, мелдештин биринчи күнү килемде күрөштүн эркин стили боюнча беттештер өтүүдө.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашууда:

Кыз-келиндер арасында эркин стиль: 53, 64, 79 килограмм;

Эркектер арасында эркин стиль: 58, 63, 69, 76, 83, 91, 100, +100 килограмм;

Эскерте кетсек, бел боо күрөшү боюнча республикалык чемипонат эртең, 22-февралда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан