Легендарлуу мушкер Мэнни Пакьяого Париж Олимпиадасына катышууга тыюу салынды

Сегиз дивизион боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катыша албайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) атактуу спортчунун жаш курагына байланыштуу оюндарга катышуу үмүтүн четке каккан. Пакьяо учурда 45 жашта.

"Биздин сүйүктүү боксчунун жашына байланыштуу дисквалификацияланганы өкүнүчтүү. Ар бир спортчу, кайсыл спорт түрүнө карабастан, Парижде күч сынашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн квалификациялык мелдештерден өтүшү керек", - деген Филиппин Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Абрахам Толентино.

Париждеги Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Буга чейин Филиппиндин Олимпиада комитети бул турнирге жашы улуу мушкерди кабыл алуу боюнча чечим кабыл алуу үчүн Эл аралык олимпиада комитетине документтерди тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан