Бишкекте бильярд боюнча Дүйнө биринчилиги башталды

Бүгүн, 22-февралда Бишкек шаарында бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча 19 жашка чейин жаш өспүрүмдөр арасында Дүйнө биринчилиги старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, ачылыш аземине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, Бильярд федерациясынын өкүлдөрү, спорт чеберлер жана оюнчулар катышты.
Ага ылайык, Алтынбек Максутов чемпиондукту ачып жатып, бильярд оюну нагыз күчтүүлөрдүн оюну экендигин, физикалык даярдыктан тышкары моралдык туруктуулукту жана жогорку маданиятты талап кыла турганын белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.
Эске салсак, бильярд боюнча 19 жашка чейин жаш өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө биринчилиги 25-февралга чейин уланат. Мелдешке дүйнөнүн 5 өлкөсүнөн келген 58 спортчу (42 уландар, 16 кыздар) катышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан