Баш аламандыкка чакырык жасады делген кыргызстандык Орусиядан алып келинди

Массалык баш аламандык уюштурууга чакырык жасаган деген шек менен социалдык тармактын колдонуучусу Москвадан кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, социалдык тармактын Б.К. аттуу колдонуучусу коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган видеоматериалдарды, анын ичинде баш аламандыкка жана коомдук тартипти бузууга чакырыктарды жасап турганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 36, 278-беренелеринин 1-бөлүгү (Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштуруу) менен кылмыш иши козголуп, мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

"Алынган маалыматтар боюнча, Б.К. 2020-жылдын февралында чет өлкөгө чыгып, Оруиянын аймагында жүргөн. Ошондой эле алимент төлөөдөн кыянаттык менен качкандыгы үчүн Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө жүргөндүгү тууралуу да далилдер бар. Ал Орусиядан кармалып 22-февралда Кыргызстанга алып келинди", - деп жазылат маалыматта.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан