Ошто "Кадастр" мекемесинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Оштун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери 7 миллион сомдук жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп беришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Ош филиалынын жооптуу кызматкерлери (мурда - “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Оштогу филиалы) Б.Нурматов көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчикте турган 171 чарчы метр жер тилкесин эч кандай укук аныктоочу документтери жок С.у.Э. аттуу жаранга жеке менчикке өткөрүп берген.

Натыйжада мамлекетке 7 миллион 267 миң 500 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Ош ШИИБине тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан